Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Сузакта “хизбутчу" деп шектелгендер аныкталды


Бул туурасында “Азаттыкка” Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 5-апрелде ыкчам маалыматтын негизинде Сузакта “Хизб-ут Тахрир” уюмунун активдүү делген 6 мүчөсүнүн үйү тинтилип, 159 даана диск, «Хизб-ут Тахрир уюшмалари» аттуу өзбек тилинде 36 китепче, 7 флеш-карта, 33 даана баракча, 94 даана «Манабият ва Марифат булактары» жана «Хизб-ут Тахир» аттуу китеп, 20 кол жазма блокнот, 2 даана компьютердик системалык блок, 2 ноутбук, 1 планшет жана аудио-видео роликтер, электрондук китептер сакталган 8 телефон алынган.

Бүгүнкү күндө алынган материалдар Сузак ички иштер бөлүмүндө катталып, соттук-теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Кылмыш ишин козгоо маселеси экспертизанын жыйынтыгына жараша чечилет. (AzK)

XS
SM
MD
LG