Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Казакстан: УКМКнын эки кызматкери Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар


Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 5-апрелде Казакстандын Башкы прокуратурасынан кыргыз УКМКсынын эки кызматкерине байланыштуу материалдар келип түштү. Бул эки кызматкерди казак тарап 2009-жылы Алматы шаарында журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө катыштыгы бар деп эсептөөдө.

5-апрель күнү УКМКнын азыркы иштеп жаткан эки кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Буга чейин Алматы район аралык сотунун өкумүнө ылайык, 2011-жылдын 10-октябрында Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү боюнча Кыргызстандын УКМКсынын мурунку кызматкери А. Исманкулов менен Казакстан жарандары А. Игиликов жана Ш.Орозалин соттолгон болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG