Парламенттик шайлоодо "Фидеш" (Fidesz) партиясы көпчүлүк добуш алды. Венгриянын учурдагы премьер-министри Виктор Орбан Будапештте өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып шайлоонун жыйынтыгы ал жетектеген өкмөттүн "жаңы жумуш орундарын түзүү, үй-бүлөлөргө кам көрүү жана суверенитет үчүн күрөшүү саясатын эл колдогонунун далили" деди.
Азыркы тапта бюллетендердин 96 пайызы саналып бүттү. Орбан баштаган “Фидеш” партиясы парламенттеги 199 орундун 133үн ээлеп, жаңы өкмөттү түптөөгө мүмкүнчүлүк алды. Социалисттер парламенттеги 38 орунга жана "Йоббик" партиясы 23 мандатка ээ болду.