Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Индияда парламенттик шайлоо башталды


Дүйнөдөгү эң чоң демократия саналган Индияда парламенттик шайлоо башталды. Келерки беш апта ичинде 815 миллион катталган адам добуш берет. Алдын ала сурамжылоолорго ылайык, учурдагы көпчүлүк "Конгресс" партиясы менен хинди улутчул "Бхаратия Жаната" партиясы теңме-тең орунда. Анткен менен айрым серепчилердин пикиринде "Бхаратия Жаната" улутчул партиясы шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуп, "Конгресс" партиясынын үстөмдүгүн аягына чыгарышы мүмкүн.

Бүгүн шайлоо Индиянын алты түндүк-чыгыш штаттарында өтүп жатат. Аталган аймактарда 40 козголоңчул жана сепаратисттик күчтөрдөн улам коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG