Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Аксыда нааразылык акциясына чогулгандар тарады


Бул туурасында “Азаттыкка” Аксынын акими Медет Айдаралиев билдирди. Бүгүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Терс айылынын тургуну Абдыкерим Молошевдин 24-мартта Өзбекстанга өтүп кеткен 7 баш бодо малын кайтарып берүү талабы менен жергиликтүү тургундар Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Калпак айылында чогулган. Алар "эгер өзбек тарап малды кайтарып бербесе, Кызыл-Жар айылы аркылуу Өзбекстанга өткөн Наманган каналын Нарын дарыясына буруп жиберип, коңшу өлкөгө суу өткөрбөйбүз" деп чыгышкан.

Медет Айдаралиев эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, мал боюнча ал Наманган облусунун Чартак районунун акими менен сүйлөшүүгө аракет жасап жатканын билдирди. Бирок телефон аркылуу сүйлөшүү саат үчкө макулдашылганы менен өзбек тараптын акими байланышка чыга элек.

Соңку маалымат боюнча, чек арадан өтүп кеткен малды өзбек тарап контрабанда деп, соттун чечими менен өз Бажы кызматына өткөрүп салган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG