Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

Орусияга санкциялар казак мунай секторуна таасир тийгизиши мүмкүн


Буга байланыштуу Казакстан мунай ташуунун альтернативдүү жолдорун караштырып жатат. Өлкөнүн мунай жана газ министри Узакбай Карабалиндин билдиришинче, Москвага каршы киргизилген санкциялардан улам орус куурлары аркылуу ташылган мунай экспортунун азайышына алып келиши ыктымал. Ошондуктан Каспий деңизи аркылуу Азербайжан – Грузия – Түркия кууру аркылуу мунай ташуу каралып жатат.

Карабалин билдиргендей, Казакстан жакын арада Кытай, Өзбекстан жана Түркмөнстанга экспорттун көлөмүн жогорулатууга аракет жасайт. Батыштын Орусияга каршы санкциялары орус мунай продукциясынын Казакстанга экспортун көбөйтүп, жергиликтүү бензин базарына жана мунай иштетүүчүлөргө таасир тийгизиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG