Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Шаардык сот митингдерди чектөө чечимин жокко чыгарды


Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча Соттук коллегиясы митинг, пикеттерге чектөө боюнча райондук сот чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты. 4-апрелде шаардык сот Баш прокуратуранын арызын карап, аны канааттандырды.

29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту райондук акимчиликтин өтүнүчүнүн негизинде Ала-Тоо аянтында, парламент жана өкмөт имараттарынын жанында акция өткөрүүгө 1-майга чейин тыюу салган болчу. Баш прокуратура бул чечимди жокко чыгарууну өтүнүп 2-апрелде шаардык сотко кайрылган.

Митингдерди чектөө демилгеси коомчулук арасында кескин сын пайда кылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG