Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Донецк республикасы жарыяланып, Орусиядан күчтөр чакырылды


Чыгыш Украинада Донецктеги жергиликтүү бийлик имаратын ээлеп алган орусиячыл активисттер аталган аймакты Донецк эл республикасы деп жарыялашты. Аны менен бирге алар президент Владимир Путинге кайрылып, Донецкке тынчтык орнотуу үчүн аскерий контингентин киргизүүнү суранышты. Орусиячыл активисттер чогулган бир нече миң адамга облустун келечеги тууралуу референдум 11-майда болоорун кабарлашты.

Мындан бир нече саат мурда Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк өлкөнүн чыгышындагы аймактарда болгон тополоңдордун артында Орусия турганын билдирди. Кечээ орусиячыл күчтөр Донецк жана Харьков шаарларындагы жергиликтүү бийлик имараттарын жана Лугансктагы Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн курал-жарак кампасын басып алган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG