Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:39

Жаш ишкерлер ассоциациясы АКШдагы эл аралык форумга катышат


Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) АКШда соңку төрт жылда жыл сайын уюштурулуп келе жаткан Түрк - Америка конгрессинин эл аралык форумуна катышат. Конгресстин максаты АКШ менен түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясый, социалдык-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Иш чара 8-9-апрель күндөрү Вашингтондо өтөт. Анда мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер, дипломаттар жана эл аралык финансы уюмдардын, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү пикир алмашат.

“Энергия, соода жана өнүгүү” аттуу бул форумда “Улуу Жибек жолу”, “Энергетикалык коопсуздук”, “Борбор Азиядагы экономикалык кызматташтык” долбоорлору каралат. Бизнес байланышты өнүктүрүү максатында Чикаго, Сент-Луис, Жефферсон-Сити жана Нью-Йорк шаарлары боюнча атайы бизнес-турлар уюштурулат. ЖИАнын 15 өкүлү форумдун алкагында бардык иш-чараларга катышат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG