Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Путин: Борбор Азия биздин жардамга муктаж болушу мүмкүн


Президент Путин Федералдык коопсуздук кызматынын жыйынында, 07.04.2014
Президент Путин Федералдык коопсуздук кызматынын жыйынында, 07.04.2014
Орусиянын президенти Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) ар кандай чагымдардын алдын алып, кыраакы болууга чакырды. Владимир Путин өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар "Украинадагыдай деструктивдүү максаттарга" пайдаланылууга жол берилбеси керектигин белгиледи. ФСБнын жетекчилиги менен дүйшөмбүдө жолуккан президент Батыш "май тамызып" жаткан ички жикчилдерге каршы коопсуздук күчтөрүн жогорку даярдыкта турууга үндөдү. Путиндин айтышынча, былтыр Орусиянын аймагында 46 чет элдик чалгындоо кызматтарынын адистери жана алардын 258 агенттеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Орус президенти Арктикадагы чек ара инфраструктурасын иштеп чыгууну дагы буйруду. Аны менен бирге быйыл Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин Борбор Азиядагы "өнөктөштөр" стабилдүүлүктү орнотуу үчүн Москванын "жардамына муктаж болушу мүмкүн" деп кошумчалады Путин.

XS
SM
MD
LG