Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Турчинов: Тополоң артында Москва турат


Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов, 28.02. 2014

Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов, 28.02. 2014

Украинанын убактылуу президенти өлкөнүн чыгышындагы тополоңдордун артында Кремль турат деп билдирди. Олександр Турчинов "Донецк эл республикасынын" жарыяланышы Москванын сценарийи деген баасын берди. Бүгүн ал телебилдирүүсүндө Донецк, Луганск жана Харьков шаарларындагы акцияларга мындайча баа берди:

Орусия Федерациясынын Украинага каршы атайын операциясынын экинчи толкуну кечээ башталды. Анын максаты өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү, украин бийликтерин кулатуу, шайлоону үзгүлтүккө учуратуу. Биздин мамлекетти бөлүк-бөлүккө чачыратуу.

Турчинов "Украинага каршы курал көтөргөндөр антитеррористтик операция маалында жок кылынат" деп кошумчалады.

Бир нече саат мурда Донецктеги жергиликтүү бийлик имаратын ээлеп алган орусиячыл активисттер аталган аймакты Донецк эл республикасы деп жарыялашты. Кечээ орусиячыл күчтөр Донецк жана Харьков шаарларындагы жергиликтүү бийлик имараттарын жана Лугансктагы Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн курал-жарак кампасын басып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG