Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Жалал-Абадда электр энергияга карыз 232 млн. сомго жетти


“Жалал-Абад электр” ишканасы карыздарды өндүрүүдө атайын рейд жүргүзүп, төлөөдөн качкан кээ бир абоненттерди тартип коргоо органдарына өткөрүп берүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Учурда аймакта электр энергиясына болгон карыз 232 миллион сомду түзөт. Анын 150 миллиону элге, 82 миллиону мекеме-ишканаларга таандык.

Эң көп карыз Таш-Көмүр шаарындагы "ТК Солар" ЖЧКсына таандык. Аталган ишкана 5 миллион сом төлөшү керек. Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык мурдагы ишканалардын 2 миллион сомго жакын бересеси бар.

“Жалал-Абад электр” ишканасы 199 миң абонентти тейлейт. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG