Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

БУУ Борбор Азиядагы сооданы жакшыртууга көмөктөшөт


Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы (UNDP) Борбор Азиядагы сооданы жакшыртуу боюнча аналитикалык изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. “Адамзаттын өнүгүшү жана Борбор Азиядагы соода” аттуу бул документте чек ара аймактарындагы соода-сатыкта тоскоолдук азайтуу, чакан өндүрүшчүлөр жана соодагерлердин арасында атаандаштыкты күчөтүү үчүн инвестиция салуу негизги сунуштар болуп саналат. Документ бүгүн Бишкектеги БУУ үйүндө сунушталды. Борбор Азиядагы соодага таасир этүү долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында Кыргызстанга кийинки төрт жылда ар жыл сайын 500 миң АКШ долларын бөлүп берүү пландалууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG