Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

НАТО Орусияны “тарыхый ката кетирбөөгө” үндөдү


Андерс Фог Расмуссен.
Андерс Фог Расмуссен.
"Эгер Орусия Украинага бастырып кирүү аракетин дагы улантса, бул чоң тарыхый ката болмок. Бул биздин Москва менен алакабызга “олуттуу кесепетин" тийгизет, Орусиянын изоляциясын дүйнөлүк деңгээлде дагы күчөтөт", - деди Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен.

Баш катчы Москванын Украинага жакын жерден аскерлерин чыгарып кетишин да талап кылды. Анын айтымында, чек арада “он миңдеген орус аскерлери бар”. Расмуссендин бүгүн Парижден жасаган билдирүүсү Украинанын чыгышында орусиячыл күчтөр жекшембиде ээлеп алган обладминистрацияларды бошотуу аракети жүрүп жаткан чакка туш келди.

Харьков, Луганск жана Донецкте өкмөттүк имараттарды орусиячыл протестчилер басып алып, Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышкан. Орусия Крымды өзүнө кошуп алгандан кийин НАТО Москва менен кызматташтыктан баш тартып, өзүнүн Украина менен коңшулаш өлкөлөрүндө аскерий күчүн кеңейте баштаган.

XS
SM
MD
LG