Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери жардамга муктаж


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Борбордук куткаруу отрядынын кызматкери, 23 жаштагы Акпарали Жусупбеков 2010-жылдын июнь окуяларында октон жараат алып, биринчи топтогу майып болуп калган. Ага бир нече операция жасалган, бирок дагы бир операция Италияда жасалыш керек. Ал үчүн 30 миң евро каражат зарыл.

Жабырлануучуга Ош шаардык мэриясы резервдик фонддон 100 миң сом бөлүп берүүнү убада кылды. Мындан тышкары министрлик каражат чогултуу үчүн Бишкек, Ош жана Жусупбековдун кичи Мекени болгон Баткен облусунда марафон уюштурганы жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG