Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Украина кризиси келерки аптада талкууланат


Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Украинадагы кризисти талкуулоо үчүн АКШ, Орусия жана Украина лидерлери менен келерки жумада жолугат.

Сүйлөшүүгө АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри, Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украин тышкы иштер министри Андрей Дешицанын катышары күтүлүүдө. Жолугушуу Европа мамлекеттеринин биринде өтөт. Азырынча убактысы жана орду айтыла элек.

Украинадагы кырдаал үчүн Батыш Орусияны күнөөлөп келет. Москва бул айыптоого макул эмес. Сергей Лавров 8-апрель күнү берген маалымат жыйынында төрт тараптуу сүйлөшүү Орусия үчүн да маанилүү экенин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG