Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

ЮНИСЕФ эмдөөгө керектүү медициналык жабдык берди


ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Республикалык иммунизация борборуна жогорку сапаттагы медициналык жабдыктарды берди. Бул жабдыктар өлкөнүн алыскы райондоруна чейин жеткирилип, медициналык мекемелерди, өзгөчө эмдөө бөлмөлөрүн камсыз кылмакчы.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да вакциналарды жеткирүүдө жана анын температурасын өлчөөдө ушундай жогорку сапаттагы жабдыктарды колдонууга үндөп келген. Бул тууралуу уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги жана ЮНИСЕФ өлкөдө сапаттуу эмдөө жүргүзүү жана вакциналарды керектүү температурада жеткирүү боюнча кызматташып келет. (JAk)

XS
SM
MD
LG