Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Пакистанда бомба чабуулунан 23 адам жайран болду


Исламабаддын четиндеги жардыруудан кеминде 23 адам өлдү, 39 адам жарадар болду. Бомба Исламабад менен Равалпинди шаарларынын кесилишиндеги жашылча-жемиш базарында жарылды. Исламабад полициясынын башкы инспекторунун орун басары Султан Азам Темури:

- Жардыруу саат 8ден 15 мүнөт өткөн кезде болду. Салмагы 5 кг чамалуу жардыргыч зат мөмө жемиш салынчу кагаз кутуга жашырылып коюлган экен, - деп билдирди.

Бомба чабуулдары Пакистандын көпчүлүк бөлүгүндө, анын ичинде түндүк-батыштагы Пешаварда жана түштүктөгү Карачиде тез-тез болуп турат. Бирок өлкө борбору Исламабад үчүн салыштырмалуу сейрек көрүнүш.

XS
SM
MD
LG