Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

Каталониянын референдум өткөрүү өтүнүчү четке кагылды


Испаниянын парламенти түндүк-чыгыштагы Каталониянын күнкорсуздук боюнча референдум өткөрүү өтүнүчүн канаатандырбады. 8-апрелдеги талкууда сунушка 299 депутат каршы чыкты, 47си колдоду, бир депутат добуш берүүгө катышкан жок.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой улуттук парламентте сүйлөп жатып: "Добуш берүүнүн жыйынтыгы Каталониянын төбөлсүздүгү боюнча референдум өткөрүү Конституцияга каршы келерин ырастады жана күнкорсуздукка эч кандай орун жок" деди.

- Же регионалдык, же провинциалдык, же жергиликтүү төбөлсүздүк жок. Андай күнкорсуздук болбойт, түзүлбөйт жана аны азыркы Конституция тааный албайт, - деди ал.

Каталониялык улутчулдар "баары бир ноябрда референдум өткөрөбүз" деп жатса, депутаттар болсо "аны болтурбай койгонго жетерлик убакыт бар" дешет. Байкоочулардын айтымында, жикчилдер кыймылын колдоочулар автономиялуу облуста көп.

Каталония Испаниянын эң бай облусу. Аймакта 7,5 млн эл жашайт. Автономия узактан бери өз төбөлсүздүгү үчүн күрөшүп келет. Азыр аймакта катталан тил испан тилине катар расмий деп саналат.

XS
SM
MD
LG