Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Евробиримдик Украинаны колдоочу топ түздү


Бул группанын максаты жөнүндө Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Баррозу Брюсселде мындай билдирүү жасады: "Колдоочу топтун максаты - Украинага финансылык гана эмес, техникалык жактан да жардам берүү жана көмөктөшүү. Саясый-экономикалык реформалар үчүн мындай колдоо маанилүү. Украина туруктуу, эрктүү, заманбап өлкө болуу керек".

Бүгүн эле Германия канцлери Ангела Меркел немис парламентинде сүйлөп, Украинада абал дале татаал экенин белгиледи: “Сиздер акыркы күндөрү көргөндөй, Украинада абал татаал бойдон калууда. Тилекке каршы, көпчүлүк багыттардагы чыңалууну деэскалациялоо үчүн Орусия салым кошуп жатканын көрбөдүк”.

Меркел айым Украина өз келечегин өзү аныктоосу керек экенин айтып, ага Батыш жардам берерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG