Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Кыргызстанда цианид колдонбоо демилгеси көтөрүлүүдө


Бул тууралуу “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шер “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстанда кен казууда мындан ары таптакыр цианид колдонбоо демилгеси Таласта депутаттардын эл менен жолугушуусунда айтылып, бул боюнча атайын чечим кабыл алынган.

- Жакында өлкөдө цианид колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун парламентке сунуштайм, - деди Болот Шер.

Көлдөгү Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын унаасы 1998-жылы жол кырсыгына кабылып, ичиндеги цианид Барскоон дарыясына төгүлүп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG