Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Келдибековдун тарапкерлери Ошто митинг өткөрөт


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков 9-апрель күнү кечке жуук Алайдагы кырдаалга байланыштуу аймакка барып район жетекчилиги жана тартип коргоо кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев билдирди. Анын айтымында, облус жетекчиси райондо күч органдарына тынчтыкты жана мыйзамдуулукту сактоого буйрук берди.

Алай районунда 9-апрель күнү депутат Акматбек Келдибековду камактан бошотуу талабы менен анын тарапкерлери митингге чыккан. Акция учурунда бир жеңил унаа өрттөлгөн. Митингчилер райондук акимчиликке кирип барып, талаптарын айтышкан.

Район акими билдиргендей, митингге чыккан кишилердин арасынан он беш чактысы түнү менен райондук администрациянын имаратында болду.

Келдибековдун жакындары нааразылык акциясын бүгүн Ош шаарында улантаарын жарыялашты. (SE)

XS
SM
MD
LG