Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Ноокенде биринчи жолу төө бурчак эгилет


Баасы былтыр пахтага караганда үч эсе кымбат болгон төө бурчак райондун Ноокен, Арал, Сакалды айыл өкмөттөрүндө эгилүүдө. Ал 156 гектар аянтта өстүрүлөт. Бул тууралуу район акими Абдырахман Осмонов билдирди.

Былтыр пахтанын баасы килограммы 31-42 сомдон ашкан эмес, төө бурчактын баасы Таласта 100-120 сом болгон.

Союз доорунан бери эле Ноокен району пахтаны эң көп өстүргөн район катары таанымал.

Быйыл райондогу 6600 гектар пахта аянтынын 1360 гектарына пахта үрөнү эгилди. (YA)

XS
SM
MD
LG