Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Митингди 500дөй милиционер көзөмөлдөйт


Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.
Улуттук оппозициялык кыймыл уюштуруп жаткан митингди Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын 500 кызматкери көзөмөлдөйт. Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү акция өтчү аймактагы жолдордо автотыгын болтурбоо максатында күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар милициясынын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди:

- Бишкек шаарындагы коомдук тартип өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул үчүн калаа милициясынын өздүк курамы даяр. Оппозициянын митингине Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көз салып турат.

Сеитовдун айтымында, коомдук тартипти сактоого элдик кошуундун мүчөлөрү тартылган.

Кыргызстанда митинг-пикеттерге байланыштуу милиция кызматкерлери 1-марттан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG