Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Жээнбеков: Ташиевдин уулун кошо 20 кишини милиция кармап кетти


Ушу тапта Бишкекте оппозициянын митингине катышуу үчүн 3-4 жерде адамдар чогулууда. "Улуттук оппозициялык кыймылдын" теңтөрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, "Октябрь" кинотеатрынын жанында чогулуп жаткандардын 20 чактысын милиция кармап кетти. Алардын арасында оппозиционер саясатчы, аталган кыймылдын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу да бар экени кабарланууда. Милиция бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG