Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

Бишкекте митингге келгендерди кармоо башталды


Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтынан 300 чамалуу кишини өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар күчтөп автобустарга салып алып кетти. Бул тууралуу Саруудан Бишкекке келген активист Замир Меңдибаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кармалгандар азыр шаардагы милициянын бөлүштүрүүчү жайында турат.

Замир Меңдибаевдин маалыматы боюнча, бүгүн Бишкекте өтө турган митингге катышуу үчүн Саруудан 300 киши келген. Алар Горький гүлбагында боло турган митингге Жеңиш аянты тараптан чогулуп, жөө басып келмек.

Бул маалыматты экс-акыйкатчы Турсунбек Акун да кошумча маалымдады. Анын айтуусунда кармалгандардын арасында оппозиция лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыров да бар. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG