Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Милиция: Бишкектин тынчын алууга жол бербейбиз


Бишкек милициясы шаардыктардын тынч жашоого, коопсуздукка болгон укугун бузууга жол бербейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Ал оппозициядан бүгүн Бишкек шаарында пландаган митингин саат 11ден 17ге чейин Горький аянтчасында өткөрүү тууралуу гана маалымдама түшкөнүн, андыктан, башка жерлерде чогулуп, коопсуздукка коркунуч жаратууга эч кимдин акысы жок экенин айтты.

- Горький аянтынан башка жерлерге чогулуп, жөө жүрүш уюштуруп, шаардыктардын укугун тепселөөгө жол берилбейт, - деди Сейитов.

Бүгүн саат 11де Горький аянтында өтө турган митингге катышууну каалагандар шаардын бир нече жеринде чогулуп жатканы. Бирок алардын айрымдарын милиция кармап кеткени кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG