Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Кадыров: Милиция колумду кайрып, сүйрөп кетти


Оппозициялык ишмер, "Чындык" партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров ушу тапта шаардык милицияда тергөөчүнүн бөлмөсүндө отурат. Бул тууралуу ала "Азаттыкка" өзү кабарлады.

- Биз митингге баруу үчүн чогулуп жатканбыз. Мыйзам бузган жокпуз, бийликке каршы үгүт жасаган жокпуз. Милициянын эки кызматкери мени эки колумду кайрып, сүйрөп барып автобуска салды. Мени менен кошо дагы жүздөй кишини бөлүштүрүүчү жайга алып барган. Азыр ШИИБ имаратындамын. Мени кармоонун себеби тууралуу эч ким эч нерсе түшүндүрүп айтпай жатат. Эч бир протокол көрсөтүлгөн жок, - деди Кадыров. (RK)

XS
SM
MD
LG