Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Жээнбеков: “Манас” аэропортун сатууга жол бербейбиз


Журналисттердин суроолоруна жооп берген УОКтун теңтөрагасы Равшан Жээнбеков кыргыз өкмөтү Орусияга берүү ниетин билдирип жаткан “Манас” аэропортун Кыргызстандын дарбазасы деп атады. Ал азыркы бийлик “Манас” аэропортун сатуу менен Кыргызстандын башка аба майдандарын да Орусияга берүү ниети бар деп белгилеп, бүгүнкү митингдин негизги талаптарынын бири “Манас”, “Ош” аэропортторун Орусияга берүүгө каршылык экенин кошумчалады.

Учурда Бишкектеги Горький атындагы гүлбакта оппозициянын митинги башталуу алдында турат. Азырынча чогулган элге ырчы-куудулдар өнөрүн тартуулап жатат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG