Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Бекназаров: Кармалган балдарга күч колдонулууда


Мындай маалыматы УОКтун мүчөсү Азимбек Бекназаров бүгүн митингде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн Бишкекте 500 чамалуу кишини милиция кармап кеткен. Саат он чендерде Жеңиш аянтынын жанынан милиция кармап кеткен саруулуктардын өкүлү Абай Узаковдун айтуусунда, милициянын Төмөнкү Ала-Арчада жайгашкан бөлүштүрүү жайында кармалып тургандарга ЖК депутаты Кантемир Мырзабеков жана акыйкатчы Бакыт Аманбаев барып жолугушуп, милициянын аракети мыйзамсыз экенин эскертишти. Учурда милиция менен кармалгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Узаковдун айтуусунда, милиция күч колдонууда.

Кармалгандардын арасында аялдар да бар.
Милиция бул боюнча азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Бүгүн Бишкектин бир нече жеринен чогулган адамдарды милиция кармап кеткени кабарланган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов оппозициядан бүгүн Бишкек шаарында пландаган митингин саат 11ден 17ге чейин Горький аянтчасында өткөрүү тууралуу гана маалымдама түшкөнүн, андыктан, башка жерлерде чогулуп, коопсуздукка коркунуч жаратууга эч кимдин акысы жок экенин айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG