Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Оппозиция парламент менен президенттин кетүүсүн талап кылды


Бишкектеги митинг аяктаганын акциянын уюштуруучуларынын бири Равшан Жээнбеков кабарлады. Иш-чара аяктаар алдында оппозиция президенттин жана Жогорку Кеңештин кызматтан кетүүсүн, Кумтөр боюнча өкмөт менен “Центерранын” келишимин бузууну, камакта жаткан депутат Акматбек Келдибековду жана ошондой эле камалган саруулуктарды бошотуу талаптарын койду.

УОКтун саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров мөөнөтсүз митингдер жер-жерлерде уланаарын “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн Бишкектеги митингдин уюштуруучуларынын өкүлдөрү президентке, парламентке барууга аракет кылышкан, бирок андан жыйынтык чыккан жок.

Оппозициялык кыймылдын талаптарын колдоо митингдери Ош, Жалал-Абад шаарларында да өттү. Караколдо милиция митингге келгендерди таркатты. Бишкекте акцияга катышуу үчүн келгендердин эки жүздөйүн милиция кармап, ЖК депутаттарынын жана акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин коё берди.
UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG