Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кубанычбек Кадыров бошотулду


Оппозиция өкүлү, "Чындык" партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров бошотулду. Ал бүгүн эртең менен Улуттук оппозициялык кыймылдын митинги башталар алдында милиция тарабынан кармалган болчу.

Кадыровдун бошотулганын “Азаттыкка” анын жубайы билдирди.

Бишкек ШИИБ башчысы Мелис Турганбаев Кадыровдун кармалышы боюнча маалымат берип жатып, ал митинг үчүн эмес, ага карата козголгон башка бир кылмыш иши үчүн кармалганын белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG