Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 10:54

Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын бекемдөөдө


Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасында чек арачы аскерлердин саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшембиев бүгүн “Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул чек арадагы коопсуздукту күчөтүү максатында ишке ашырылууда. Ошондой эле күзгө чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына кошумча дагы төрт бекет курулат. Дүйшөмбиевдин маалыматы боюнча, чек ара бекеттеринин курулушуна каражат өткөн жылы бөлүнгөн. Кошумча төрт бекеттин экөө Лейлек районуна, экөө Баткен районуна курулат. Ар бир бекетте чек арачылардын үй-бүлөлөрү үчүн турак-жай кошо тургузулмакчы. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG