Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Обама: Зарыл болсо Орусияга каршы дагы санкция колдонулат


АКШ президенти Барак Обама жана Германия канцлери Ангела Меркел Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга жаңы санкция киргизүү мүмкүндүгүн 10-апрелде телефондон талкуулашты. Ак Үйдүн маалымдашынча, Обама жана Маркел кайрадан Москваны аскерлерин Украинага чектеш аймактан алып кетүүгө үндөштү.

Билдирүүдө орусиячыл жикчилер “Москванын жардамы менен кутумчулук жана саботаж уюштуруп” Украинадагы жагдайды бейстабилдештирип жатканы айкын экени айтылат. Обама “Орусия абалды дагы эскалациялачу болсо, Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги жана башка дүйнөлүк өнөктөштөр кошумча санкция киргизүүгө даяр турушу зарыл экенин баса белгиледи” деп көрсөтүлөт билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG