Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Сузакта пенсия алуу кыйын болууда


Жалал-Абаддын Cузак районунун карылары пенсиясын ала албай жатат. Райондун 100дөн ашуун карыясы бүгүн эртең менентен тартып РСК банктын алдында пенсиясын ала албай турганын кабарчыбыз билдирүүдө.

Сузак райондук социалдык фонд бөлүмүнүн башкы бухгалтери Авазбек Нуралиев банктарга акча кечээ күнү эле толугу менен которулганын билдирди. Мына ушундай эле нааразылык кечээ Жалал-Абад шаарындагы РСК банктын алдында да жаралган болчу.

РСК банктан кабарлашкандай, учурда аталган банкта жабдууну заманбап системага өткөрүү процесси жүрүп жаткандыктан айрым утурумдук проблемалар жаралууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG