Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

“Тазалыктын” жумушчулары маянасын ала баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ишканадан маалымдашты. Ага ылайык, ишкананын бардык жумушчулары иш ордуларына кайтып келишти.

Кечээ “Тазалык” ишканасынын жумушчулары иш таштап, үч айдан бери айлык алыша электигин айтып, жаңы дайындалган жетекчиге каршылык билдиришкен. Алар менен шаар мэриясынын өкүлдөрү жолугуп, маселени чечүүнү убада кылышкан. Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиковдун маалыматы боюнча жаңы жылдан тартып, короо шыпыргычтардын айлык акылары 3,5 миң сомдон 8 миң сомго чейин көтөрүлгөн, бирок бул каражат “Тазалык” ишканасынын бюджетинде каралган эмес.

Бишкек шаарынын тазалыгы үчүн шаардык бюджеттен 2014-жылга 250 млн. сомго чукул акча бөлүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG