Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Эбботт: Сигналды малайзиялык “Боингдин” кара кутусу жөнөткөн


Австралиянын премьер-министри Тони Эбботт Инди океанында кармалган сигналды жоголгон малайзиялык авиалайнердин “кара кутусу” жөнөткөнүнө ишенет. Малайзия аба жолдор компаниясынын “Боинг-777” авиалайнери 8-мартта Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккандан эки саат өтпөй жоголуп кеткен. Анын ичинде 239 адам бар эле. Жүргүнчүлөрдүн 153ү Кытай жарандары экени маалымдалган. Тони Эбботт Кытайдын президенти Си Цзинпинге изилдөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымдамайын эмки кадамдар жөнүндө башка эч нерсе айтпасын эскертти.

XS
SM
MD
LG