Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Грузия ЕБ менен Ассоциациялык келишим түзүлөт деген үмүттө


Грузия Европа Биримдиги менен Ассоциациялык келишимге июнда кол коет. Бул жөнүндө Грузиянын тышкы иштер министри Мая Панжикидзе 10-апрелде Берлинде Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вольтер Штайнмайер менен өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Панжикидзенин айтышынча, ал Штайнмайерди береги келишимге кол койгонго Грузия эң кечиксе, июнда даяр болот деп ишендирген жана алар 10 күндөн кийин Тбилисиде кездешип, маселени кайра талдап көрүшөт. Штайнмайер Украинадагы кризис Биримдиктин Грузия менен келишимге кол коюусуна кыпындай да таасир этпесин, ага даярдык ырааты менен баратканын айтты.
Грузия жана Молдованын Ассоциациялык келишимге кошулуусу Евробиримдиктин ноябрдагы Вильнюста болгон саммитинде макулдашылган.

XS
SM
MD
LG