Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Астанадагы протестчилер күч менен таркатылды


Астанада бийлик тартып алган жерлери жана бузулган там-жайлары үчүн татыктуу компенсация төлөөнү талап кылган демонстранттарды полиция күч колдонуп таркатты. Башкы пркурор менен жолугушууну талап кылган 27 протестчини, анын ичинде 12 баланы казак полициясы күчтөп автобуска салып кетип, кийин коё берди. Демонстранттардын айтымында, алардын Астанадагы жерлери Назарбаев атындагы университет жана башка өкмөттүк имараттар үчүн тартып алынып, үйлөрү кыйратылып, аз акча төлөнгөн. Протестяилер башкы прокурордун өкүлү менен сүйлөшүүдө баш тартып, Аскат Даулбаевдин өзүнүн келишин талап кылышканда, чакырылган полиция аларды күч менен автобуска салып, жүктөп кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG