Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Украина өкмөтү региондордун талабын аткарууга макул


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 11-апрелде Донецкте жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен болгон кездешүүдө өкмөт региондордун мыйзамдуу талабын аткарууга макул деди.

- Мен ачык айтам, борбордук өкмөт региондор менен сүйлөшүүгө гана эмес, алардын жана биздин өлкөнүн бардык жарандарынын мыйзамдуу талаптарын толук аткарууга даяр. Биз Конституцияны өзгөртүү аркылуу ар бир региондун талабын толук аткара алчу болобуз, - деди ал.

Украина 24 облустан жана Крым автономиялуу республикасынан турат. Орусия мартта Крымга аскер киргизип өткөрүлгөн реформага шылтап жарым аралды аннексиялап алган. Бул Орусия менен Батыш ортосунда "Кансыз согуштан" кийинки эң чоң тирешүүнү жаратты.

XS
SM
MD
LG