Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Акыйкатчы: Оппозиция митингин КТРК бир жактуу чагылдырды


КР акыйкатчысы Бакыт Аманбаев билдирүү таратып, 10-апрелде болгон оппозициянын митинги "Коомдук Биринчи канал" тарабынан бир жактуу чагылдырылды деген пикирин билдирди. Акыйкатчы "КТРКнын жаңылыктарынан оппозициянын митингин болушунча терс жагынан көрсөтүүгө аракет кылынды, оппозициянын түштөнүүгө тараткан тамагы эфирде баса көрсөтүлүп, ал эми митингге келе жаткан элди мыйзамсыз кармаган милициянын аракети таптакыр көз жаздымда калган" деп белгилейт.

Акыйкатчы КТРК коомдук канал катары салык төлөөчүлөрдүн акчасынан акы алып жаткан соң эфирге так жана туура маалымат берүүгө тийиштигин белгилейт.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев акыйкатчынын билдирүүсүнө макул эместигин, 10-апрелдеги оппозициянын митинги ачык, калыс чагылдырылганын “Азаттыкка” билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG