Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Молдова Орусиянын газына көз каранды болууну каалабайт


Молдованын батышчыл өкмөтү Евробиримдик Кишиневге Орусиянын газына көз каранды болбоого көмөктөшөт деген үмүттө. Бул жөнүндө Молдованын экономика министри Валерий Лазарь 11-апрелде “Азаттык” радиосуна берген интервьюда айтты.

Президент Путин 10-апрелде Европанын 18 мамлекетин, алардын ичинде Украина жана Молдованын газ үчүн карызы Батыш жана Ортолук Европа өлкөлөрүн көгүлтүр отун менен камсыздоону үзүлүтүккө учуратышы мүмкүн экенин кат жүзүндө эскерткен.

Лазарь "эгер Евробиримдиктеги өнөктөштөр жардамдашса, болочокто Молдовадагы газ менен камсыздоо үзүлтүккө учурабайт. Молдова газды коңшусу Румыниядан да ала алат", деп айтты ал. Молдова июнда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгону жатат. Өлкө газды бүтүндөй Орусиядан алат.

XS
SM
MD
LG