Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Орусия Украинага аскер кемелерин өткөрүп берүүдө


Орусиянын Кара деңиз флоту Украинанын согуштук кемелерин Украинага өткөрүп бере баштады. Кара деңиз флотунун маалымат кызматынын билдиришинче, Украина алып кетүүсү үчүн “Прилуки” аскер кемеси 11-апрелде бейтарап суулардагы Нейтральная портуна жеткирилген.

ИТАР-ТАСС агенттигинин Кара деңиз флотунундагы булактарга шилтеп кабарлашынча, “Прилуки” начар абалда болгондуктан, аны Одессага сүйрөп жеткирүү керек. “Фастов” танкери да Украинага өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

Орусиянын билдиришинче, Украинага жетимиш чакты кемесин өткөрүп берет жана алардын көбү эски, тамтыгы чыккан абалда.

Украинанын деңиз аскер флоту турган Крым автономиялуу республикасын Орусия 18-мартта аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG