Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

​Орусияда автокырсыктан Кыргызстандын алты жараны мерт болду


Кырсык кечээ Орусиянын Калуга областынын Мещовск районунун аймагындагы М-3 трассасында катталган. LifeNews маалымат сайты кабарлагандай, «Хонда Одиссей» жеңил унаасы каршы тилкеге чыгып, «Даф» жүк ташуучу унаасын маңдайынан сүзгөн.

Автокагылыш болгон жерде үч жүргүнчү жана айдоочу каза тапкан. Эки жүргүнчү оор жаракат менен Сухиченск районунун борбордук ооруканасында дарыланууга алып барганда каза тапкан.

Калуга облустук автоинспекциясынын маалыматында, автокырсыкка жеңил унаанын айдоочусу рулда уктап кеткени себеп болгон.
Бардык мерт болгондор Кыргызстандын жарандары экени айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG