Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Ноокен айылында кулаган көпүрө оңдоло элек


Ноокен районунда күнүнө беш миңдей адам менен автоунаалар каттаган Ноокен айылындагы узундугу жети метр көпүрө бейшембинин түнүндө кулап калган. Көпүрөнүн түпкү түркүк-бетондорун суу алып кеткен.

Кабарчыбыз билдиргендей, учурда ата-энелер майда балдарын мектепке жиберүүдөн чочулоодо. Жөө адамдар кулаган көпүрөдөн жарым чакырым төмөнүрөөк жердеги жалгыз аяк зымдан жасалган жол менен жүрүүдө. Автоунаалар айылга кулаган көпүрөдөн эки чакырымдай ылдый турган айланма жол менен кирип чыгышууда.

Жергиликтүү эл бийликтен көпүрө оңдолгончо жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз көпүрө куруп берүүнү өтүнүүдө.

Кулаган көпүрө Транспорт жана коммуникация министрлигинин эсебинде турат. Ал 1994-жылы Ноокен районундагы "Комминтерн" колхозунун эсебинен курулган. (YA)

XS
SM
MD
LG