Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Иран БУУга башка талапкерди караштырбайт


Ирандын расмий өкүлү Тегеран БУУдагы элчи кызматына башка талапкерди сунуш кылууну караштырбайт деп билдирди. Буга чейинкиси – Хамид Абуталебиге АКШ виза бербей койгон.

Иран тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи Мехр маалымат агенттигине берген интервьюда “биз Абуталебиге альтернативаны караштырган жокпуз” деди.

Вашингтон Ирандын талапкери 1979-жылкы барымта кризисине катышкан деп шектенүүдө. Студенттердин тобу АКШнын Тегерандагы элчилигинде 52 кишини 444 күн бою барымтада кармаган. Абулатеби ал топко котормочу гана болуп бергенин ырастоодо.

Ирандын БУУдагы миссиясынын маалымат өкүлү Хамид Бабаеи АКШнын виза бербөө чечимин “өкүнүчтүү” деп атап, бул – эл аралык мыйзамдарга каршы келет деди.

XS
SM
MD
LG