Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Пакистанда 9 айлык балага тагылган айып алынды


Пакистан соту 9 айлык наристеге тагылып жаткан айыпты алып салды. Бул чечим полиция иликтөөнү токтотууга макул болгондон кийин кабыл алынды. Муса Хан деген бала “полициячыны өлтүрүүгө аракеттенген” деп күнөөлөнүп жаткан.

Адвокаттын айтымында, полиция окуяны жакшы түшүнбөй туруп, наристеге жана анын үй-бүлөсүнө каршы кылмыш иш ачкан. Бир нече күн мурун Лахор шаарында карызды төлөөнү талап кылган газ компаниясынын өкүлдөрү менен Хан үй-бүлөсүнүн ортосунда чатак чыгып, ага полиция кийлигишкен.

Бүгүнкү сотто наристе чечимди чоң атасынын тизесинде отуруп укту. Буга чейин анын бармагынын изи да алынган. Байкоочулар бул окуя Пакистандын сот системасы өнүкпөгөнүн көрсөтөт дешет.

XS
SM
MD
LG