Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Хакасиянын спикери Казакстандан кечирим сурады


Орусиянын курамындагы Хакас республикасынын парламент төрагасы Владимир Штыгашевдин “Орусиянын бир катар аймагы убагында Казакстанга өтүп кеткен, азыркыга чейин бул суроо ачык бойдон турат” деп айтканын өткөн жумада Орусиянын жана Казакстандын бир нече басылмалары жарыялаган.

Буга байланыштуу Штыгашев кечээ атайын билдирүү таратып, пресса билдирүүсүн туура эмес талдап, бурмалаганын айтты. Ошондой эле казак элинен расмий кечирим сурады.

11-апрелде буга байланыштуу Казакстан өзүнүн Орусиядагы элчисин чакыртып алган болчу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо кээ бир регионалдык жетекчилер жоопкерчиликсиздигин көрсөтүп жатканын ачыктаган. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG