Ирактын Рамади шаарында өкмөттүк аскерлер менен ал-Кайидага жакын согушкерлер ортосунда айыгышкан салгылашуу уланууда. Бийликти жактырбаган жергиликтүү уруулардын топтору да армияга каршы күрөшүүдө. Маалыматтарга ылайык, бир нече катуу жардыруу болду. Минометтун аткылоосунан балдар ооруканасынын имараты жабыркап, 4 киши жарадар болду.
8-апрелде Рамадинин айрым райондорунан коопсуздук күчтөрүнүн бир нече бөлүгү чыгарылгандан кийин тирешүү күчөдү. Анбар чөлкөмүнүн башка шаарларында да кармаштар жүрүп жатат.
8-апрелде Рамадинин айрым райондорунан коопсуздук күчтөрүнүн бир нече бөлүгү чыгарылгандан кийин тирешүү күчөдү. Анбар чөлкөмүнүн башка шаарларында да кармаштар жүрүп жатат.