Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Македонияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Өнөктүк Евробиримдикке кирүүгө даярданып жаткан өлкөнүн башкаруучу партиясы үчүн жалпы шайлоо алдындагы сынак катары бааланууда. Президенттикке 4 талапкер ат салышууда.

Сурамжылоолор көргөзгөндөй, азыркы мамлекет башчы Гьорге Иванов жана оппозициянын өкүлү Стево Пендаровски шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы күтүлүүдө. Биринчи айлампада жеңүү үчүн талапкерлер 50 проценттен ашуун добуш алууга тийиш. Алдын ала жыйынтыктар бүгүн кечинде белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG